Президент Садыр Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымат берилди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.
«Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөө тапшырылды. Бул жүрүм-турум мындай рангдагы мамлекеттик кызматкердин этикасынын стандарттарына туура келбейт»,- деди ал.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Мушташка аралашкан депутат Жаныбек Абировдун үстүнөн милицияга арыз жазылган.