7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Укук коргоо органдары тарабынан ишкердик субъекттерин текшерүүгө тыюу салынды

238

Өкмөт тарабынан укук коргоо органдарынын ишкердик субъекттерин текшерүүсүнө тыюу салынды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул тыюу салуу Кыргызстандын аймагында COVID-19 коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу маселелери боюнча, бажы кызматы тарабынан жеке жана юридикалык жактардын өтүнүчү менен жазык жана жарандык процесстин алкагында жүргүзүлгөн текшерүүлөргө жайылтылбайт.

«Чечим ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жана ишкердик субъекттеринин экономикалык ишмердүүлүгүн колдоо, алардын укуктук жактан корголушун камсыз кылуу, айрым укук коргоо органдарынын ишкердик субъекттеринин ишине негизсиз кийлигишүүсүн жоюу, ошондой эле COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу кабыл алынды. Аталган чечим расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

239