7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

“Улгайганда кайрымдуу уулдун, ыймандуу кыздын сыйында бололу!”

429
Эл арбындап келүүчү наар татуучу жайга, жаш жигит карыган апасы менен даамга буюртма бергенден кийин келип отурушту. Көп өтпөй тамактануу да башталды. Биротоло карылыкка моюн сунган апа калтылдаган колу менен ээгин булгайт, уулу апакай жүз аарчы менен аарчый коёт, эрдин булгайт, уулу аарчып коёт, жоолуктун астынан чыга түшкөн саамайын түздөйм деп чекесин да булгап алат. Уулу тура калып апасын өзү тамактандырат.
Тамактануу аяктагандан кийин, апасынын жоолугунун саамай бертимин түзөп, жетелеше чыга жөнөшөт. Тегерете тамактанып отурган эл, аянычтуу, муңайымдуу, бир чети тунжураган көз караш менен узатышат.
Четирээкте отурган улгая түшкөн киши апасын жетелеп чыгып бараткан жигитке кайрылып, «Уулум, сен ушу жерге эки нерсеңди калтырып кеттиң» дегенде, «Жо-ок ата, эч нерсе калтырган жокмун» деп аксакалды илберлей караганда, карыя айтат, «Биринчиси, бул жерде отурган жаштарга САБАК калтырдың, балам, экинчиси, мага окшогон карыларга ҮМҮТ калтырдың, балам» – деген экен.
Улгайганда кайрымдуу уулдун, ыймандуу кыздын сыйында бололу!

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

430