7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде чек арачылар 3,4 миллион сомдук аткезчилик жүк кармашты

287

Баткенде чек арачылар эки күндө 3,4 миллион сомдук аткезчилик жүк кармашкан. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Кечээ, 9-январда Лейлектин Курук-Сай айылындагы чек ара кезмети унаадан Кыргызстандан Тажикстанга 3 тонна майдаланган тоок этин жана болжол менен 300 килограмм куйрук майын алып өтүүгө аракет кылган айдоочуну кармашкан. 22 жаштагы айдоочунун алып өтүп бараткан жүгүнө тийиштүү документтери жок болуп чыккан.

Ал эми бүгүн, 10-январда Достук-Мурас жолунун тилкесинде Лейлек чек арачылары РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте унааны токтотуп, анда Тажикстандан Кыргызстанга алып келинген аткезчилик жүктү кармашкан. Жүктүн ээси Кыргыз жараны. Ал болжолдуу баасы 1 500 000 сомду түзгөн сегиз куту электрондук тамекини документи жок алып кирген. Маалыматка ылайык, кармалган жарандар жана аткезчилик жүктөр тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.

288