7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Армениялык кесиптеши Никол Пашинян менен жолугушту

271

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына жана «Almaty digital Forum» 2021 санариптик форумуна катышуу алкагында Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Улукбек Марипов жана Никол Пашинян өз-ара кызыкчылыкты туудурган ар кыл тармактардагы эки жана көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Өкмөт башчылар кыргыз-армян экономикалык байланыштарын жана эл аралык уюмдар жана интеграциялык бирикмелер алкагындагы өз-ара аракеттешүүнү кеңейтүү зарылдыгын белгилешти.

Никол Пашинян өз кесиптешин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик жана кыргыз элине гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

272