Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйыны алкагында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов Азербайжандын премьер-министри Али Хидаят оглы Асадов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар эки тараптуу кызматташтыктын бир катар маселелерин талкуулашты.
«Эки өлкө элдеринин тыгыз байланыштары Кыргыз Республикасы жана Азербайжан Республикасы ортосундагы ар кыл чөйрөдөгү кызматташтыкты жайгарууга өбөлгө түзөт деп ишенем», — деди Улукбек Марипов.
Ошондой эле ал азербайжан тарап Бишкек шаарынын түштүк бөлүгүндөгү Кыргызстан-Азербайжан достук паркынын жана Гейдар Алиев атындагы жалпы билим берүү мектебинин курулушунун тез арада жыйынтыкталышына кызыкдар экендигин жана бул боюнча тийиштүү келишим долбоору жөнөтүлгөндүгүн белгиледи.
Азербайжандын премьер-министри Министрлер Кабинетинин төрагасын Азербайжандын расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. Жолугушуу жыйынтыгы боюнча тараптар эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын кеңешмесин өткөрүү тууралуу макулдашты.