7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жалал-Абадда бир жылдан бери наркотикке шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

530

Жалал-Абадда бир жылдан бери наркотикке шектелип издөөгө алынган жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын июнь айында Жалал-Абад шаарынын аймагында “С” деген каймана аты бар жаран наркотикалык баңгизатын сактап жүрөт деген маалымат келип түшкөн. Бул маалымат Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Жалал-Абад шаарынын 1982-ж.т. тургуну Х.С. кармалып, текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда анын жанынан салмагы болжол менен 2 килограммга жакын өзгөчө кескин жыты бар зат алынып, соттук-химиялык экспертиза дайындалган. Ал эми шектүү жыйынтык чыкканча коё берилген. Ал ошол учурда Жалал-Абад шаарынын аймагынан чыгып кетип, изин жашырып жүргөн.

«Экспертизанын корутундусунда Х.С.дан алынган зат 1 кг 800 гр “гашиш”, 24 гр “опий” наркотикалык баңгизат экендиги аныкталган. Ыкчам иш-чаралардын негизинде 2021-жылдын 24-май күнү Х.С. кармалып, Жалал-Абад ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. 26-майда башка коргоо чарасы сотто каралып, үй камагына чыгарылды», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

531