Кадастр мамлекеттик ишканасынын Каракол-Аксуу филлиалынын директору Эрнест Сулайманбековго карата кылмыш иши козголду. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын басма сөз катчысы тастыктады.
Маалыматка караганда, Эрнест Сулайманбековго Ысык-Ата прокуратурасы тарабынан “пара алуу” беренеси боюнча иш козголгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Эрнест Сулайманбеков Ысык-Ата районундагы “Кадастр” мекемесин жетектеп турганда жарандардан жер тилкесине күбөлүк бергени үчүн 2000 доллар пара алган.
Учурда Башкы прокуратура УКМК менен биргеликте тергөө жүргүзүүдө.