Өлкө башчы Садыр Жапаров Баткенге болгон иш сапарынын алкагында Ак-Сай айылына барып, эл менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.
Карапайым калк Баткен облусуна «өзгөчө» статус берүү менен жаштарга дем берип, аймактын өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этерин билдиришти. Ал эми Садыр Жапаров мындан ары Баткен облусунун тургундарына жакындан көңул буруларын, болгон күч-аракетин чек ара коопсуздугун бекемдөөгө жумшарын билдирди.
Ошондой эле президенттин айтымында, аймакка социалдык объектилер курулуп, инфраструктурага өзгөчө көңүл бурулат.