Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчылары менен биргеликте Беларусиянын президенти Александр Лукашенко менен жолугушту. Бул тууралуу басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жолугушуу Минск шаарында Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны алдында өткөн.
Беларусь Республикасынын башчысы белгилегендей, Кеңештин жыйыны КМШга мүчө-мамлекеттер ортосундагы ар тараптуу өз-ара аракеттешүүлөрдү, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы мамилелерди өнүктүрүүгө кошумча дем берет.
Андан соң делегация башчылары – КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин жыйынынын катышуучулары Минск шаарындагы Жеңиш Монументине гүлчамбар коюу аземине катышты.
Белгилесек, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Улукбек Марипов учурда КМШ өлкөлөрүнүн Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйыны өтүп жаткан Минск шаарында жүрөт.