7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Бишкекте өтүп жаткан айыл чарба жарманкесиндеги баалар менен таанышты

738

 

Премьер-министр Улукбек Марипов Бишкекте өтүп жаткан айыл чарба жарманкесин кыдырып, баалар менен таанышты. Бул тууралуу ал өзүнүн фейсбук баракчасында жазды.

«Өсүмдүк майы жана кумшекер өндүрүүчүлөр менен түз келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул жеке менин көзөмөлүмдө. Мындан сырткары эт азыктарынын баасын көзөмөлгө салуу боюнча да иштер аткарылып жатат. Бизде сатылып жаткан товарлардын 85 пайызы чет өлкөлөрдөн импорт болуп келет экен, биз бул көрсөткүчтү 50 пайызга түшүрүүгө аракет кылып жатабыз», — деди Марипов.

Мындан сырткары Марипов тургундарды ата мекендик өндүрүштөгү азыктарды көбүрөөк колдонууга чакырды.

«Өзүбүздөн өндүрүлгөн товарларды көбүрөөк колдонууга чакырам. Мисалы той-аштарда сөзсүз түрдө банан колдонобуз. Банан бизде таптакыр өспөйт. Ошондуктан алма, сабиз сыяктуу жашылча-жемиштерди колдонууга үндөп келем«, — деди Марипов.

739