Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 11-апрелинде референдум аркылуу кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-беренесинин негизинде Марипов Улукбек Асамидинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасы болуп дайындалды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдөн турат:
- — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынан;
- — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынан;
- — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министринен;
- — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;
- — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министринен;
- — Кыргыз Республикасынын министрлеринен;
- — Мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан.