7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыкка кол койду

1333

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

2021-жылдын 11-апрелинде референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын негизинде башкаруунун президенттик формасы, аткаруу, мыйзам чыгаруу органдарын жана сот бийлигин түзүүнүн жаңы тартиби орнотулду.

Мамлекет башчысы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү кызматтан кетти деп эсептелгендигин көңүлгө алып, 2021-жылдын 5-майындагы № 59 «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесин жетекчиликке алып, токтом кылат:

— Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине кайра түзүлсүн.

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн укук мурастоочусу деп эсептелсин.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төмөнкүдөй түзүмү аныкталсын:

— Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын Айыл, токой жана суу чарба министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча министирлиги;

— Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;

— Кыргыз Республикасынын экология жана климат боюнча мамлекеттик комитети;

— Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети төмөнкүлөрдөн турат:

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынан;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басарынан;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — экономика жана финансы министринен;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары;

— Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — санариптик өнүктүрүү министринен;

— Кыргыз Республикасынын министрлеринен;

— Мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу төмөнкү аткаруу бийлигинин органдары иштейт:

— Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;

— Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;

— Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги;

— Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы.

Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1334