7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башка өлкөнүн таасиринен чыкканыбызды майда болсо да, алгачкы жеңиш катары кабыл алалы

2337
Эми Россиядагы кыргыздарды документин текшерип, черныйга киргизип, депорт кылып, иштеп тапкан акчасын Кыргызстанга котортпой, алган машиналарын чыгартпай баштайт.
Себеби бир нече», -деген журналист Кудрет Тайчабаров Эмомали Рахмондун  Путин менен Москвада жолугуп кыргыз-тажик чек арасы тууралуу сүйлөшүүсүнө анализ жасаган.
Пикирди өзгөртүүсүз сунуштайбыз. 
Атамбаевге ишенип Кремль ойлогондой Жээнбеков Путиндин айтканын толук аткарбай жатты, революцияда башка бирөөнү тапкыча кое тур дегенин укпай “кетем накой” деп жазып кетип калды. Жапаров Кремлдин планындагы фигура эмес болчу. Москвага болгон сапарында жатып бербешин түшүндү. Ал учурда Москвадагы кыргыздар дворниктин деңгээлинен көтөрүлүп, кафе-ресторан, сулуулук салондорун ачып, такси, доставка сыяктуу сферанын баарын ээлеп алышты. Кыргыздар билимдүүрөк, акылдуурак болгондуктан орустардын жемин талашып татыктуу жерлерде иштей баштады. Жадакалса ГосДумага кандидат чыкты кыргыздардын арасынан. Болбогон айлыкка иштей турган тармактарга иштей турган киши чыкпай баштады. Анан более тупоюраак, унитазга бетин жууган калкты кара күч менен иштей турган тармакка тартуу үчүн жана Орто Азияга влияниесин арттыруу үчүн точка керек болуп, Кыргызстанды кокодон алганга рычаг керек болуп, өзүнө окшогон диктаторго колдоо көрсөтүп, постсоветтик алкакта демократиялык маанайда жашаган Кыргызстанды алсыздантууну максат кылып атыр. Ал үчүн кошоматтанып жадакалса “Евровидениеге” да Санирабиганын сиңдисин өз өлкөсүнүн атынан жибертип, кошумча авиакаттамдарды арзан баада ачып берип, документтерин легалдаштырганга убакыт жана шарт түзүп берип жатат. Андыктан, жакында келчү мигранттарыбыз үчүн Туркия, араб өлкөлөрү, Америка, Корея, Европадан жаңы жумуш орундарын караштыра бергенибиз оң.
Жаштарды айти тармагына окутуп, безпилотниктерди өзүбүз чыгара тургандай деңгээлге жетишибиз керек. Ага чейин, ар бир аскерге жарамдуу инсан, өткөндө бирөө сунуш кылгандай, “Мекен” салыгын жылына бир жолу төлөсө, жана ал защищенная статья катары коомчулуктан түзүлгөн комиссия тарабынан көзөмөлдөнсө, ага курал-жарак алынып турса, менимче чыныгы эгемендүү өлкөгө айланмакпыз. Азыр деле Жамшуттарга ответ кылып ийгенге ал жетет. Суу сактагычына бир снаряд, Бөлүнүп калган Исфарасына бир батальон. Бирок, наркы царь пардан берип, курал-жарак, учактар менен камсыздап атканда бул жөн гана кыргынга алып келет. Менимче, канча жылдан бери отурган диктаторлор бийлктен кетмейинче СНГдагы эң демократиялуу өлкө болгон Кыргызстанды көрө албай өтүшөт окшойт. Кантсе да, башка өлкөнүн таасиринен чыкканыбызды майда болсо да, алгачкы жеңиш катары кабыл алалы. Оору-сыркоо, кырсык башка түшкөндө бириге калган кыргыз, ошол ынтымагын мамлекетти өнүктүрүүгө жумшасак жылыш болчудай болуп турат…

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2338