7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Түркиялык жазуучу, коомдук ишмер Харун Челик Баткен окуясы боюнча оюн жазды

598

Текст өзгөртүүсүз берилет. 

Салам достор, 28-апрель күнү Кыргызстандын Баткен облусунда абдан кайгылуу окуялар болуп өттү. Көптөгөн кыргыздар өмүрүнөн айрылды, бир нече Кыргыз жараны, бир боорубуз жараланды, миңдегени жашаган үйлөрүн, айылдарын таштап кетүүгө аргасыз болушту. Менден да көптөгөн адамдар, тааныштар сурап жатышат

Харун агай, Кыргызстан менен Тажикстан ортосунда эмне болуп жатат, Баткенде эмне болуп жатат, бул темада жеткиликтүү маалымат ала албай жатабыз. Ансыз да медиа бул теманы көп чагылдырбай жатат. Көптөгөн медиада бул тема боюнча кабар да жок. ‘Эмне болуп жатат бизге айтып бересизби?’ — деп сурашты, сурадыңар. Мен да ушул тууралуу айтып берейин деп экрандамын. Эмнелер болуп жатканын азыр сиздер менен бөлүшөмүн. Ошол эле учурда Баткенде болуп өткөндөрдү түрк коомчулугуна да жеткирүүгө аракет кылам.

Баарынан мурда мени тааныган досторум билгендей эле Кыргызстан менин экинчи мекенимдей эле. Ал жерде болуп жаткан ар бир жакшылык мени сүйүнтөт, ал жердегилердин кайгысын өз кайгымдай кабыл аламын жана кайгырам. Кыргызстандан биринчи кабарлар келгенде 28-апрель күнү дароо Кыргызстандагы досторума байланыштым, Оштогу, Баткендеги, Бишкектеги кыргыз досторума, боордошторума чалдым, алардан эмне болуп жатканын өз ооздорунан угайын дедим.

Достор, анда эмесе айтып баштасам.
Англиялыктар Индияны таштап чыгып кетээрден мурда Индия жана Пакистандын ортосунда Кашмир баш болуп бир канча көйгөйлүү, чыр-чатактуу чек ара тилкелерди калтырышты. Себеби индустар менен пакистандыктар ушул көйгөйлөр менен убара болсун, бири-бирин тытып жесин, көздөрүн ачып эч бир убакта чыныгы баскынчы жана империалист болгон англиялыктарга баш көтөрбөсүн деп жасашкан. Мындай саясатты бир гана ал чөлкөмдө кылдыбы? Жоок, Ортоңку Чыгышта да англиялыктар ошол эле ыкмада бир канча чек араны көйгөй жарата тургандай чаташкан түрдө чийишти. Тарыхый, социалдык, маданий, мазхабдык жана башка эч бир факторлорду эске албай туруп, ал жердеги элдердин ортосунда чыр-чатак, талаш-тартыш токтобой тургандай жасалма түрдө чек араны чийишти.

Ооба, англиялыктардын Индияда, Ортоңку Чыгышта кылганын орустар Орто Азияда, Түрк дүйнөсүндө жасашты. Айрыкча Фергана өрөөнүндө. Фергана кайсыл жерде достор? Бир бөлүгүндө Кыргызстан, бир бөлүгүндө Өзбекстан, бир бөлүгүндө Тажикстан жайгашкан бул аймак Фергана өрөөнү. Кыргыздар, өзбектер, тажиктер байыртан бул өрөөндө бирдей шартта, аралаш, тынчтыкта жашап келишкен. Качан гана орустар же болбосо Орто Азиянын англистери келип жасалма чек араларды чийгенге чейин аталган элдер бөлүнбөй жашашкан.

Ооба, Советтер Союзу тарады. Бирок орустар “тарап кеттик, мына өз алдынча болдуңар, жакшы баргыла, ар бириңер өз өлкөңөрдүн чек арасын белгилегиле” деген жок. Орустар тарап жатканда да баардык нерсеге кийлигишти. Советтер Союзунун убагында эле жасалма чек араларды чийишти эле. Айрыкча кыргызды казактан, өзбекти түркмөндөн ажыратышкан. Баардык бул өлкөлөрдүн арасына көйгөйлүү чиелишкен аймактарды ташташкан. Булардын бири тажиктер менен кыргыз боордошторубуздун ортосундагы Баткен жана Исфара деген, кыргыздардын Баткен району менен тажиктердин Исфара районунун чектешкен аймагы.
Достор, орустар бир гана ушул чөлкөмдө, башка чөлкөмдөрдө эмес, ушул аймакка гана карата анклав деп аталган саясат жүргүзүшкөн.
Окуя мындайча,
бул жер Кыргызстан, Кыргызстандын территориясы. Чегарадан өтөсүң. Тажикстан-Кыргызстан чегарасын элестетиңиз. Кыргызстан аймагына өтөсүң, өтөсүң, өтөсүң, мисалы 50 километр, же 10 километр, же 30 километр территориянын ичине карай киресиң. Ал жерде 10 чакты айыл, Кыргызстандын территориясынын ичинде Тажикстан менен эч бир чектешкен жери жок, толугу менен Кыргызстан менен курчалган жер, бирок ал -Тажикстанга таандык жер
Кыргызстандын аймагында эле Жалал-Абад жергесине карай бараткам акыркы жолку саякатымда.
Жалал-абадга бараткан жолдо эле “Агай, бул жер Өзбекстандын аймагы” дешти.
Таң калдым. Кантип Өзбекстандын территориясы болсун биз азыр Кыргызстандабыз го? дейм.
Мына ушундай чаташкан чегаралар. Өзбекстандын ичинде Кыргызстандын жери Кыргызстандын ичинде Тажикстандын жери.
Тажикстан менен кургактыктан эч бир чеги жок Кыргызстандын территориясынын ичинде Тажикстанга тиешелүү жер.
Башкача айтканда орустар бул жерди “арабдын чачына” айлантыптыр.
Биринин ичине бирин киргизиптир. Элдер бир-бири менен жер талашып чырдашсын, эч качан баш көтөрүп чыныгы баскынчылар болгон Орустарга баш көтөрө албасын деп

Эми окуяга келели
Бул аймакта мына ушундай жер бар.
Кыргызстандын, менин экинчи ата мекенимдин
Биз түрктөрдүн дүйнөгө тараган ата журтубуз, ата мекенибиз, тамырыбыз жайгашкан Кыргызстандын Баткен району менен Тажикстандын Исфара району арасында жайгашкан чегарада Кыргызстан тарабында жайгашкан бир жер бар. Мисалы 5-10 айыл жана анда белгилүү бир санда тажиктер да жашайт жана бул жер Тажикстанга таандык
Учурд саясий аренада эл аралык аренада ушундай таанылып турат.
Бирок чынында Кыргызстандын ичинде бул.
Белгилүү болгондой эле Кыргызстан дүйнөнүн эң бийик тоолуу өлкөлөрүнүн бири Жаратылыш суу байлыктары өзгөчө мол өлкө.
Дал ушул жерде 1970-жылдарда Советтер Союзу “Головной” атындагы суу сактагыч курат. Бул суу сактагыч Кыргызстан тарапта. Кыргыздар бул аймактагы сууну көзөмөлдөшөт.
Бирок кыргыздар Өзбекстанга, Казакстанга, Түркменстанга, Тажикстанга эч кандай акы албай эч нерсе талап кылбай, бир тараптан эл аралык мыйзамдарга ылайык, бир тараптан адамгерчилик кылып адамдык баалуулуктарды эске алып, кыргыздар сууну акысыз түрдө, ансыз деле берип келишет, таратып турат
Айтканымдай эле кыргыздар адилеттүү түрдө, бир тууган катары суусун бөлүшүп аткан.
Деги эмне болуп кетти да тажиктер миномет, гранатомет, автомат, танкалар менен Кыргызстанга кол салды
Окуяга себеп болгон жагдай мындай болчу:
Жыл сайын апрель айында бул суу кампада кыргыздар оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүшөт.
Бирок тажиктер келишип Кыргызстанга тиешелүү болгон аймактагы бул суу кампасына көзөмөлдөөчү видео камераларды жайгаштырганга аракет кылышты. Албетте, Кыргыздар “биз эгемендүү мамлекетпиз, бул жер эгемендүү Кыргызстан аймагы, бул жердин көзөмөлү биздин колубузда” деп, буга уруксат бербейт.
Бирок кыргыздардын бул жообуна тажиктер катуу каршылык көргөзүштү.Ансыз да бул окуялар чыга электен мурда да тажиктер уруш үчүн бир шылтоо издеп жатышкан. Тажиктер орустарга таянып жаңжал чыгарганга мүмкұнчұлұк күтүп аткан. Бул суу кампасы да аларга шылтоо болду.
Бул окуялардан бир аз мурдараак эле тажик жетекчилери Орусия коргоо министри менен жолугушту, коргонуу боюнча сүйлөшүштү. Андан кийин эле “канчалык дал келүү ээ” тырнакча ичинде “дал келүү” деп коелу, мен бирок дал келүү деп ойлобойм, орустар менен тажиктердин жолугушуусунан кийин эле тажик тарап бул окуяны шылтоо кылып кол салды.
Элестеткиле; сен менин өлкөмө келип алып, мисалы Анкарада, Стамбулда, Самсунда, Трабзондо, Диярбакырда мага тиешелүү болгон бир жерде, мага тиешелүү бир объектке келесиң да өзүңдүн көзөмөлдөө камераларыңды койосуң, мен да Түркия Республикасы, эгемен бир мамлекет катары буга уруксат беремин.
Жоок, мындай нерсе болушу мүмкүн эмес, кыргыздар буга уруксат берген жок. Бул жер биздин мамлекет, мындайга акыңыз жок дегенде эки айыл тургундары ортосунда башталган чыр-чатак чоң кагылышууга айланып кетти. Бирок, кийин белгилүү болду, тажиктер буга ансыз да даяр экен. Чек арага жайгаштырган танкалары, абадан согуштук вертолеттору жана куралдандырылган тажик жарандары менен чек ара боюндагы кыргыз айылдарына кол салышты.

Бир гана Баткенде эмес, Баткен айланасындагы бир нече айылдарга кол салышты. Мектептерди өрттөштұ. Айрым мектептердин таш-талканын чыгарышты. Айылдарга кирип үйлөрдү талап-тоноду, үйлөрдү талкалады, үйлөрдү өрттөдұ, үйлөрдү тыптыйпыл кыйратты жана бир канча кыргыздын өлүмүнө себепчи болушту. Албетте ар бир өлүм ачуу, боор оорутат. Бирок, алардын ичинде Баткендеги кичинекей 12 жаштагы Мадина аттуу кыздын өлүм окуясы эле ушунчалык трагедиялуу дейсиң.
Тажик жетекчилери булар үчүн жооп бериш керек! 12 жаштагы Мадинаны, кичинекей бир кызды аткылап өлтүрүштү. Апасы жана сиңдиси менен коогалаңдуу аймактан качкан бир секелек кыз кайсы кылган кұнөөсү ұчұн аткыланып өлтүрүлдү? 12 жаштагы дүйнөнұн сулуусу, дүйнөнүн ширин кызы, өз өлкөсүндө эмне болгонун да түшүнбөй кұндөрдүн биринде, эрте менен таңды тосуп, күндү баштап, өз айылында, өз үйүндө жашоосун улантып жаткан. Анан эле рамазандын куттуу бир күнүндө, мусулмандардын ыйык айында эмне болгонун түшүнбөгөн бойдон бир тополоңдун ичинде калды, каза болду. Апасы жана сиңдиси жараланды, ооруканага жөнөтүлдү, Мадина болсо 12 жашындагы таптаза, сулуу, бир роза гүлүнүн жалбырагындай болгон наристе топуракка көмүлдү.

Себеп эмне? Эмне үчүн? Кыргыз эли менен тажик элинин ортосунда эмне көйгөй бар болушу мүмкүн? Кыргыздардын улуттук баатыры болгон Манас. Манас Кыргыздарда баарынан жогору бааланат, ардакталат жана орду өзгөчө. Кыргыздардын, боордошторубуздун эпосу болгон Манастын жубайы да тажик кызы . Каныкей аттуу тажик кыз. Кыргыздардын легендарлуу эпосундагы баатыр өзүнө жубай катары тажиктен үйлөнүптүр, ушунчалык жакын эки эл.

Ооба, Мустафа Кемаль Ататүрктүн “журтта тынчтык, дүйнөдө тынчтык” деген принциптери, менин да, биздин да, баарыбыздын принцибибиз болушу керек, кыргыздардын, тажиктердин принциби болуш керек. Албетте негизгиси тынчтык, жайчылык болсун. Албетте, бул эки тууган калк бири-бирине душман болбошу керек, орустардын оюнуна алданбаш керек. Маселе сүйлөшүү менен дипломатиялык жол менен чечилиши керек.

Бирок акыркы окуяларда тажик тарап Кыргызстандын эгемендүүлүк укуктарына кол салды! Күнөөсүз кыргыз атуулдарынын өмүрүнө кол салып өлтүрдү! Куралдандырылган топтор менен Кыргызстанда кыргын уюштурду. Өзүнө тиешелүү эмес территорияга бастырып кирди.
Ачык айтканда тажиктердин көздөгөнү мындай;
Тажикстан менен Ворух анклавынын ортосундагы кыргыз жерин өзүнө алуу, Ворух менен Тажикстандын территориясын бириктирүү. Бирок,(( бул деген кыргыздардын эгемендик укуктарына кийлигишүү, кол салуу болуп саналат.

Достор менден сурадыңар эмне болду, эмне болуп жатат деп. Баарын бир тарапка кой да ушул 12 жаштагы Мадинанын өмүрүнөн ажырашы, аткыланып өлтүрүлүшү эле ушунчалык ачуу, достор, болуп өткөндөрдүн баары ушул кыздын өмүрүнө тете эмес болчу. Бирок тажик тарап агрессия менен зордукчул мамиле кылды, кыргыз тарап сабырдуу мамиле кылды.
Кыргыздар окко ок менен каршылык бербеди, себеби кыргыз жарандары ансыз деле курал-жарагы жок болчу. Кыргыз армиясы да согушууга себепчи боло тургандай ыкмада каршылык көрсөткөн жок. Бирок Түркия коомчулугу жана эл аралык коомчулук бул темада аябай үнсүз калды. Кыргызстанды аргасыз абалга кептешти. Кыргызстан эгемендигине жана бүтүндүгүнө кол салынды. Мен өзүмдүн жана досторумдун атынан сүйлөйм “боордошторумдун, кыргыздардын, Кыргызстандын ар дайым, бардык жерде жанындабыз! Себеби, адилеттик бир туугандарыбыз, боордошторубуз, кыргыздар тарапта! Кыргызстандык досторго, кыргыз элине көңүл айтамын, өлгөндөрдұн жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөм, өлгөндөргө рахмат тилейм. Жаралангандардын айыгып кетишине дуба кыламын. Бул маселе тынчтык жолу менен чечилишин жана Тажикстандын зордукчул кол салууларынын дароо токтотулушун тилейм.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

599