Кыргыз-тажик чек-ара маселеси боюнча түзүлгөн кырдаалдан улам Баткен облусунун аймагынан 40 649 жаран эвакуацияланган. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Баткен районунун Миң-Булак, Үч-Төбө, Таш-Тумшук, Көк-Таш, Ак-Сай, Көк-Терек, Орто-Боз, Самаркандек айылдарынан 14361 жаран эвакуацияланып,
Баткен шаары, Бужум, Чек, Жаңы-Жер, Ак-Турпак, Кара-Булак, Чоң-Кара, Рават айылына жайгаштырылган.
Лейлек районунан Борбордук, Интернационал, Арка, Саада, Максат, Достук айылдарынан 26 288 жаран эвакуацияланып, Сүлүктү, Исфана шаарларына, Кара-Булак, Коргон, Самат, Булак-Башы, Маргун, Кулуңду айылдарына жайгаштырылган.