Акыркы бир сутка ичинде коронавирус жугузуп алган 397 учур катталып, 7 адам каза болду. Алардын үчөө Бишкектен, үчөө Ысык-Көлдөн, бир бейтап Оштон. Сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 248.
Бул тууралуу Республикалык COVID-19 штабынан билдиришти. Маалыматка ылайык жаңы учурлар күндөн күнгө көбөйүп барат. 1-майдан 5-майга чейин эле 30дан ашуун бейтап жашоо менен кош айтышты.
Кыргызстанда Кытайдын «SinoPharm» жана Орусиянын «Спутник V» вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Расмий эсепте 33 миңден ашуун киши вакцина алды.Өкмөт эл аралык COVAX прогроммасынын алкагында британ-швециялык «Astra Zeneca» вакцинасы да келерин билдирген.