7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Ташкентте кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту

540

Улукбек Марипов Өзбекстан Республикасына жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Жизак районунун Манас айылында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен Ташкент шаарында жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Алгач премьер-министр Өзбекстан Республикасында жашаган мекендештерге кыргыз элинин маданиятын жана салт-санаасын аяр сактагандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Мен биздин жолугушуубузга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан салам жолдоо мүмкүнчүлүгү үчүн кубанычтамын. Тилекке каршы, программанын жыштыгына байланыштуу биз айылга бара албай калдык, ошол эле учурда сиздердин аман-эсендигиңиздерден жана бакубат жашооңуздардан кабар алып сүйүнүп турабыз. Этностук кыргыздар жашаган айылды өнүктүрүүгө жана көрктөндүрүүгө чоң көңүл буруп жаткан Өзбекстан Республикасынын жетекчилигине ыраазычылык билдиргим келет», — деди Улукбек Марипов.

Диаспоранын өкүлү белгилегендей, учурда Өзбекстан Республикасында 300 миңден ашуун этностук кыргыздар жашайт.

«Борбордон ыраак жайгашкан Манас айылы өткөн кылымдын 60-жылдары пайда болгон. Бүгүнкү күндө анда 6,5 миңден ашуун адам жашайт. Биз жеке жолугушуу жана кеңири маектешүү мүмкүнчүлүгүнө ыраазыбыз. Бизде баары жетиштүү, биз үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Жалпысынан Өзбекстан Республикасында 55 жалпы билим берүүчү кыргыз мектеби бар, анын 14ү толук кыргыз тилдүү мектептер болуп саналат. Мамлекет башчынын Өзбекстан Республикасына сапарынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттер аралык чек араны делимитациялоо жана демаркациялоону жыйынтыктоо боюнча сүйлөшүүлөр активдештирилет деп ишенебиз», — деди Рахматулла Джаббанов.

Премьер-министр кыргыз диаспорасынын сунуш-пикирин угуп, кызыктырган суроолорго жооп берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө белгиленгендей, Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы маданият күндөрү алкагында Өзбекстан Республикасынын Жизак облусунун Манас айылынын «Маржан» көркөм ыр бий ансамбли тарыхый мекенине, Кыргыз Республикасына келмекчи.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Ташкент шаарына Кыргыз Республикасы жана Өзбекстан Республикасы ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча Биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын IX кеңешмесине катышуу үчүн келген.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

541