7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улукбек Марипов Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту

245


Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн Алматы шаарына жумушчу сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчылар соода-экономикалык, инвестициялык, айыл чарба, маданий-гуманитардык, суу-энергетикалык жана транспорттук тармактардагы эки тараптуу кызматташтык маселелеринин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

«Кыргыз Республикасы өз-ара ишенимге негизделген чыныгы бир туугандык мамилелер менен сыймыктанат. Биз Өзбекстан Республикасы менен мындан ары карай дагы стратегиялык өнөктөштүктү активдүү өнүктүрүүгө даярбыз», — деди Улукбек Марипов.

Өзбекстан Республикасынын Өкмөт башчысы Абдулла Арипов өз кесиптешин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктап, кыргыз-өзбек мамилелери жогорку ишеним деңгээлинде экендигин белгиледи.

«Өзбекстан Республикасынын Президенти башында турган өзбек тарап кыргыз элин ар кандай башталышта колдоого алаарын жана эки элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгына дал келген бардык долбоорлорго колдон келген көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин ишенимдүү түрдө билдире алам», — деди ал.

Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин тастыктады жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелерин юридикалык жактан тариздөөнү жыйынтыктоо боюнча ишти активдештирүү жана күчтөндүрүүнүн зарылдыгын белгиледи. Өзбек тарап ошондой эле Кыргыз Республикасына минералдык жер семирткичтерди тийиштүү көлөмдө ташууну уюштурууга даярдыгы тууралуу билдирди.

Жолугушуу соңунда Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Кыргыз Республикасынын Президентине Өзбекстан Республикасына сапар менен келүү чакырыгын берди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

246