7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалды

424

Трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү болуп саналган Азербайжандын 5 жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Алынган ыкчам маалыматтар боюнча М.О. Асгаров криминалдык чөйрөдө «селсаяк» (бродяга)статусуна ээ, ал криминалдык чөйрөнү бекемдөө жана уурулук идеологиясын жайылтуу, ошондой эле өзүнүн статусун жогорулатуу максатында бүткүл постсоветтик мейкиндикте (КР, РК, РУ жана РФ) таасир эткен уюшкан кылмыштуу топторго каршы активдүү күрөшүү боюнча мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясатына байланыштуу өлкөнүн жетекчилигине кол салууну уюштуруу үчүн өзүнүн аталган шериктери менен КР аймагына келген.

Тактап айтканда, алардын кылмыштуу пландары УКМК тарабынан кылмыштуу идеологиядан массалык түрдө баш тартуу жана камактагылардын жана эркиндикте жүргөндөрдүн арасында мындан ары мамлекеттик саясатты колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын фонунда пайда болуп, чет элдик криминалдык лидерлердин арасында нааразычылык жаралып, бул жагдай келечекте аларга терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүнөн кооптонушкан.

Буга байланыштуу УКМК 22-мартта ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүп, жыйынтыгында жогоруда аталган адамдардын бардыгы кармалган.

Учурда аларды КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу үчүн тергөө иштери жүрүп жатат.

 

425