7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

УКМК: Матраимов Баку шаарында экендиги аныкталды

432

УКМКнын ыкчам маалыматына ылайык, издөөдө жүргөн Райымбек Матраимов Азербайжандын борбору Баку шаарында экендиги аныкталды.

Буга байланыштуу УКМКнын маалыматы боюнча аны кармоо тууралуу азербайжан тарапка кат жөнөтүлгөн.

Учурда азербайжандык кесиптештер аны кармоо жана андан ары Кыргызстанга экстрадициялоо маселесин иштеп чыгууда.

Ошол эле учурда ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Райымбек Матраимовдун Кыргызстандын жетекчилигине кол салууга даярданып жаткан Азербайжандан келген трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышы бар экендиги такталды.

Белгилей кетсек, УКМК кызматкерлери Кыргызстандын аймагынан Азербайжандан келген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн: Алиев В.М., Багиров С.А., Асгаров М.О., Бехбудов М.С., Мамедов З.И.ни кармашкан.

433