7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук банк: Биз акция уюштурган эмеспиз, 50 миң убада кылгандар алдамчылар

687

Социалдык тармактар жана мессенжерлер аркылуу Улуттук банк 29 жылдык юбилейине карата викторина өткөрүп, 50миң сом берээри тууралуу маалымат таркап жатат.

Улуттук банктын маалымат кызматы бул маалыматка ишенбөөгө чакырат. Банк кандайдыр бир сурамжылоолорду жана утуштарды өткөргөн эмес.

«Алдамчылар белгисиз сайттарга шилтеме келтирүү аркылуу ар кандай жол менен жеке маалыматты алууга аракеттенишүүдө. Карт ээси алдамчыларга жеке маалыматты өзү бергендиктен банктык карттан уурдалган акча каражаттарды жабыр тарткан жаранга кайтаруу дээрлик мүмкүн эмес«, — деп эскертет Улуттук банк.

Эгер сизге ушул сыяктуу маалымат түшсө, анда көрсөтүлгөн шилтемени ачпай, эч кимге таратпаганыңыз туура болот.

  • картаңыздын номерин,
  • ПИН-кодду,
  • картаны колдонуу мөөнөтүн,
  • CVV/CVC коддордун (бул коопсуздук коддору болуп саналат,
  • андагы акыркы 3 сан картанын арткы бетиндеги кол тамга коюлуучу тилкеде көрсөтүлөт),
  • маалыматты туугандарга, банк кызматкерлерине, укук коргоо органдарына да бербөө зарыл.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

688