7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө 35 млн. сомдук микроскоп аппараты тапшырылды

459

Бүгүн, 23-январда Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын нейротравматология бөлүмүнө оор операцияларга керектелүүчү нейрохирургиялык LEIСA M 530 OHX микроскоп аппараты берилди.

Аппараттын келүүсүнө “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому демөөрчүлүк кылган жана анын баасы 35 млн сомду түзөт.

 Микроскопту тапшыруу аземине “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунунун вице президенти Абакиров Улукмырза келип КР саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев, профессор, нейрохирург Миталип Мамытов жана нейротравматология бөлүмүнүн дарыгерлеринин катышуусунда тапшырды.

Өз сөзүндө саламаттык сактоо министри Гулнара Баатырова акыркы үлгүдөгү заманбап операциялык микроскоп бүгүнкү күндө нейрохирургия тармагын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүп, аны менен бирге элибизге көрсөтүлүп жаткан жардамдын сапаты көтөрүлөөрүн белгиледи. “Өлкө башчысы тарабынан саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатат, бүгүнкү алынган жабдуу дагы ошонун бир мисалы деп айтып кетким келет. Бул заманбап аппараттын жардамы менен нейрохирургиялык жардамга муктаж бейтаптарга көрсөтүлүүчү жардамдын сапаты жакшырып, ошондой эле дарыгерлердин ишин да жеңилдетет. Биз бул үчүн “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун жетекчилигине ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, — деди Гулнара Баатырова.

 Мындан тышкары өлкө жетекчилигинин демилгеси менен, калкка көрсөтүлчү медициналык кызматтын сапатын көтөрүү максатында саламаттык сактоо уюмдарына заманбап компьютердик томограф, рентген-аппараттар берилип жатканы айтылып, жакынкы арада Улуттук Госпиталга Магниттик резонанстык томограф аппараттары орнотулары да белгилүү болду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

460