7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук коопсуздук органдарынын ишин жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлору үчүнчү окууда каралды

555

Бүгүн, 16-майда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү”, “Контрчалгындоо иши жөнүндөгү”, “Тышкы чалгындоо иши жөнүндө”, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” жана “Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамдардын долбоорлору үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маселелер боюнча депутаттардын суроолоруна Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Рустам Мамасадыков маалымат берди.

“Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору улуттук коопсуздук органдарынын ишин жөнгө салууга, алардын милдеттерин жана принциптерин аныктоого, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын укуктарын жана милдеттерин мыйзамдык жактан бекитүүгө багытталган.

Ал эми “Контрчалгындоо иши жөнүндөгү” мыйзамдын долбоорунун максаты Кыргыз Республикасынын коопсуз жана туруктуу өнүгүүсүн камсыздоо максатында чалгындоо-бүлүндүрүү ишинен Кыргыз Республикасынын улуттук  кызыкчылыгын коргоонун зарыл деӊгээлине жетишүү жана колдоо үчүн контрчалгындоо ишинин укуктук негиздерин түзүү жана аны ишке ашыруунун мыйзамдуулук кепилдиги системасын бекемдөө болуп эсептелет.

Ошондой эле “Тышкы чалгындоо иши жөнүндөгү” мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чет элдик чалгындоо ишмердүүлүгүнүн укуктук базасын түзүүгө багытталган.

Андан тышкары, “Чалгындоо жана контрчалгындоо ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын тышкы чалгындоо жана контрчалгындоо иши чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларын шайкеш келтирүүнү камсыз кылууга арналган.

“Терроризмге каршы аракеттенүү жөнүндөгү” мыйзамдын долбоору болсо, террористтик ишмердүүлүккө каршы аракеттенүүнүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктоого, бул жосундарды жасоого көмөктөшүүчү себептерди жана шарттарды чектөөгө, ошондой эле террористтик аракеттердин кесепеттерин минималдаштырууга жана (же) жоюуга багытталган.

Талкуу маалында депутат Адахан Мадумаров жарандарды негизсиз жана соттун чечимисиз “тыңшоого” жол берилбеши керектигине көңүл бурду.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

556