7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук курама команда Кытайда өткөн Азия кубогунда алтын утту

580

Кыргызстандын байдарка жана каноэ менен сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Кытайдын Гонконг шаарында өткөн Азия кубогунда (6 алтын, 1 күмүш) жеңишти.

Родион Туйгунов жалгыз кайыкта 1000 м, 200 м жана 23 км аралыкта 3 алтын медаль жеңди. Жуптук тайпада 1000 жана 500 метр аралыкка байдарка жарышында Эрлан Султангазиев менен Рысбек Төлөмүшов жеңишке жетишип, алтын медалга ээ болду.

Ошондой эле 200 метрге каноэ менен жарышта Эрлан Султангазиев жеңишке жетти. Ал эми Рысбек Төлөмүшев каноэ менен 1000 метрге сүзүүдө жеңишке жетип, 200 метрге каноэ менен жарышта 2-орунду ээледи.

Курама команда машыктыруучулар Елена Буханцова жана Виктор Чуракаевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

581