Физика, математика, биология, химия жана информатика боюнча улуттук олимпиаданын республикалык этабы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Билим берүү илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Республикалык этап ушул жылдын 14-15-апрелинде “Ала-Тоо” эл аралык университетинин жана И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында өттү. Ага жалпы 119 окуучу катышты.
Олимпиада окуу жылы ичинде төрт этапта өттү:
- I этап – январь. Онлайн режимде.
- II этап – февраль. Онлайн режимде.
- III этап – март. Офлайн режимде.
- IV этап – апрель. Оффлайн режимде.
Ушул жылдагы Улуттук олимпиаданын жыйынтыгы боюнча I орун 20 окуучуга, II орун – 25 окуучуга, III орун 30 окуучуга ыйгарылды.
Эскерте кетсек, Улуттук олимпиада 2020-жылдан бери өткөрүлүп келүүдө, катышуучулардын саны өсүүдө. Мисалы, 2020-жылы I этапка катталгандардын саны 3547 түзсө, 2021-жылы 4898 түзгөн, быйыл 17169 түздү.
Улуттук олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жана байге ээлерине Билим берүү жана илим министрлигинин, ошондой эле информатика боюнча олимпиадалык кыймылды колдоп келе жатышкан “Таймли Софт” ЖЧКнын жана “Канда ЦА” ЖЧКнын демөөрчүлөрүнүн дипломдору жана белектери тапшырылды.