7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук тарых музейге Япониялык окумуштуулар иш сапар менен келишти

172

Улуттук тарых музейинде эл аралык илимий кызматташтыкты чыңдоого багытталган маанилүү жолугушуу болуп өттү. Музейдин директору, профессор Жылдыз Бакашова Япониядан келген белгилүү археолог, Чүй өрөөнүндө он жылдан ашуун убакыттан бери изилдөө жүргүзүп келе жаткан Иваи Шюмпей, ошондой эле адис-кеңешчилер Сакакибара Йодзи жана Камода Масато менен жолукту. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Япониялык окумуштуулардын иш сапары орто кылымдарга таандык Ак-Бешим шаар чалдыбарынын аймагында музей куруу демилгеси менен байланыштуу болуп, анын алкагында алар Кыргызстандын музей тармагындагы тажрыйба, башкаруу системасы жана фонддорду сактоо боюнча ишмердүүлүк менен жакындан таанышышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө конокторго төмөнкү негизги багыттар боюнча кеңири маалымат берилди:

— музей фондуларына тарыхый жана антиквариат экспонаттарын кабыл алуу тартиби;
— мамлекеттик электрондук каталог системасынын иштөө механизми;
— музей коллекцияларын сактоо, консервациялоо жана санариптик эсепке алуу;
— илимий-изилдөө жана экспозициялык иштерди уюштуруу тажрыйбасы;
— фонддук ишмердүүлүктүн эл аралык стандарттарга ылайык жүргүзүлүшү.

Музейдин жетекчиси Жылдыз Бакашова Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи мындан ары да эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө, биргелешкен долбоорлорду колдоого жана дүйнөлүк музей коомчулугу менен тыгыз иш алып барууга даяр экендигин баса белгиледи.

173