7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Канатбек Маматов Бишкек шаарынын мэриясынын департаментине директор болуп дайындалды

217

Маматов Канатбек Ильясович Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар иштери боюнча департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ал буга чейин департаменттин билим берүү, спорт, дене тарбия жана массалык иш-чаралар бөлүмүнүн башчысы кызматын аркалаган.

Ал эми Алишеров Рустам Алишерович департаменттин директорунун орун басары болуп дайындалды. Ал мурда Бишкек шаарынын  мэриясынын Борбордук аппаратынын Уюштуруу — контролдоо  иштери боюнча башкармалыгынын чечимдердин аткарылышын контролдоо   бөлүмүнүн башкы инспектору болуп иштеген.

Тиешелүү буйруктарга Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев кол койду.

218