7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук валютага 30 жыл. Ага президент катышты

643

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасынын улуттук валютасынын жүгүртүүгө киргизилгендигинин 30 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чара кыргыз сомунун тарыхына арналган тасманы көрсөтүү менен башталды.

Сөз сүйлөп жатып, Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды мамлекеттеги маанилүү окуялардын бири – улуттук валютанын колдонууга киргизилишинин 30 жылдыгы менен куттуктады.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бул процессте олуттуу роль ойногон Кыргызстандын көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлерин белгиледи.

Ал Кыргызстан өзүнүн улуттук валютасын кабыл алып, жүгүртүүгө киргизген мурдагы Союздун мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болгонун айтты.

Мындан тышкары, Садыр Жапаров жакын арада Кыргызстан улуттук валютанын банкнотторун республиканын ичинде басып чыгара баштаарын баса белгиледи.

Мамлекет башчысы кыргызстандыктарды бардык кыйынчылыктарды чогуу жеңсе болоруна ишенип, келечекке жакшы үмүт менен кароого чакырды.

Андан соң иш-чара концерттик программа менен уланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

644