7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Зулайка Мурзатаева каза болду

1579

КР Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, акын Зулайка Мурзатаева каза болду. Бул тууралуу союздун басма сөз кызматы билдирди.

Зулайка Мурзатаева Токтогул районунун Чоң-Арык айылында 1951-жылы туулган. 1974-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүрүп, Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте кыргыз тили, адабият мугалими, окуу тарбия иштери боюнча директордун орун басары болгон.

З.Мурзатаеванын 1991-жылы “Жалбыз жыты” аттуу алгачкы китеби жарык көргөн. Андан соң “Кайрылып учпас каркырам”, “Ыр булак” китептери чыккан. Бир катар ырларына обон жазылган. Ал билим берүүдөгү эмгеги үчүн “Кыргыз Республикасынын эл агартуусунун мыктысы”, “Методист-мугалим” наамдары менен сыйланган. 1998-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

Акын Токтогулда жашап, агартуу тармагында эмгектенип келген.

Акын Зулайка Мурзатаеванын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу анын жакындарына, үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1580