7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унаа жуучу жайларынан уурулук жасашкан кылмыштуу топ кармалды

613

Ошто “Өзүң жуу” (Сам мой) унаа жуучу жайларынан уурулук жасашкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында айдоочулар тарабынан өздөрү жууган унаа жуучу жайлардын акча салуучу аппаратын талкалап, акчаларды уурдап жүргөн жарандар кармалышты. Бул кылмыштуу топ 2023-жылдан бери 5 ирет ушундай жайларда уурулук жасагандыгы үчүн изделип жаткан.

Кармалгандар:
1.И-в К., 1997-жылы Ош шаарында туулган. Мурда соттолгон эмес.
2.Ш-в Б., 1993-жылы Ош шаарында туулган. Мурда соттолгон эмес.
3. И-в М., 1998-жылы Ош шаарында туулган. Кылмыштуу топтун уюштуруучусу. ИИМдин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат. Мурда 3 жолу соттолгон.

Учурда бул кылмыштуу топ кылмыш жасоо учурунда пайдалануучу темир буюмдары, кол каптар, акчалар, бычактар жана коротууга жетишпей калган акчалары бекитип койгон жеринен көрсөтүп берип, ал далил буюмдар алынды. Андан сырткары кылмыштуу аракеттеринде пайдаланып жүрүшкөн “Хонда-Фит” үлгүсүндогү автоунаа дагы алынды.

Учурда бул кылмыштуу топ убактылуу кармоочу жайга киргизилип, уурулук беренеси боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

614