7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унаадан 9 кап насвай табылган. Чек арадан аткезчилик жол менен жүк алып өткөн жаран кармалды

509

УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынан аткезчилик жол менен жүк алып өтүү аракетине бөгөт койду.

Маалыматка ылайык, 25-сентябрда Баткен чек ара отрядынын чек арачылары Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракетине бөгөт коюшкан.

Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Олжо жерлигинде кызмат өтөө учурунда, чек ара кезмети тарабынан Кыргызстандын 2001-жылы туулган Т.М., атуу жарандын башкаруусундагы «Тойота-Эстима» үлгүсүндөгү унаа кармалган. Унаадан 9 кап насвай табылган.

Айдоочу насывайды Тажикстандан Кыргызстанга андан ары сатуу үчүн мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Тиешелүү документтер толтурулгандан соң кармалган айдоочу жана жүк мындан ары иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүлүп берилди.

УКМКнын Чек ара кызматы аткезчилик менен алектенип, муну менен Республиканын чек ара мыйзамдарын бузган жарандарга карата катуу чаралар көрүлөрүн эскертет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

510