7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унаалардын катализаторун сыртка экспорттоого катышы бар мамлекеттик кызматкер изделүүдө

2377

Автомобиль катализаторлорун массалык түрдө мыйзамсыз сатып алуунун, ошондой эле аларды Европа өлкөлөрүнө экспорттоонун белгиленген схемасына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлайт.
УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын комплексинин жүрүшүндөУшул жылдын 23-февралында Литва Республикасына автомобилдик катализаторлорду экспорттоо учурунда салмагы 2 тоннага жакын контрабандалык жүк кармалган.
9-апрелинде Бишкек шаарындагы автомобилдик катализаторлорду чогултуп жана сатып алып жүргөндөр боюнча 12 пункттун иши табылган, ал жакта чет өлкөлөргө жөнөтүү үчүн сакталып турган көп сандагы кайра иштетилген субтракттар жана автомобиль катализаторлору алынды.
Азыркы учурда КР УКМК автомобиль катализаторлорунун контролсуз сатып алынышын жана экспорттолушун кыскартуу жана экологиялык абалды жакшыртуу максатында, мамлекеттик кызматкерлердин ушул коррупциялык схемага катышы бардыгын аныктоо боюнча керектүү комплексттик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Эскерте кетсек, милдеттендирилген техникалык кароону жойгондон кийин, тейлөө бекеттериндеги автомобилдик катализаторлорду массалык түрдө алып салуу, аларды кийинчерээк чет өлкөлөргө сатуу тенденциясы өсүүдө, анткени катализаторлор (платина, палладий жана родий) баалуу металлдарды камтыйт жана эбегейсиз киреше алып келет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2378