7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унаанын алдын тоскон аялын капотуна сүйрөп, качкан жаранга иш козголду

1155

Бишкекте эркек киши аялын унаанын капотуна сүйрөп кетти. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 15-октябрда болгон. Жабырлануучу эртеси күнү, 16-октябрда милицияга кайрылган. Анын айтымында, эки ажырым жолдо жүргөн күйөөсү баланы күч менен алып, машинасына салып кетүүгө аракет кылган. Ал эми жабырлануучу (аялы) күйөөсүн токтотууга аракет кылып, унаанын алдын тоскон, бирок күйөөсү аны капотуна жабыштырган бойдон сүйрөп кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренеси «Бейбаштык» боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1156