7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Унаанын үстүндөгү жаран менен кошо арыкка кирип кеткен». Милиция жубайларды издөөдө

735

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги жол кырсыктын видеосу менен бөлүшкөн. Бул окуя боюнча Биринчи Май РИИБ маалымат берип, факты катоого алынганын кабарлашты. Учурда видеодогу жарандар изделүүдө.

Маалыматка ылайык, видеону тарткан жарандын айтуусунда чырдан кийин аял күйөөсүнөн унаа менен качып кетүүгө аракет кылганын айткан. Ал эми, күйөөсү унаанын үстүнө жармашып алганын видеодон да көрүүгө болот. Аял унааны айдаган бойдон чоң жолго чыккан. 

Аял унааны башкара албай калып, унаанын үстүндөгү киши менен арыкка кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен киши унаадан оодарылып, дубалга тийген. Бирок бул ордунан туруп, аялды бир нече жолу чапканга жетишкен.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

736