7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Унаасын чимирилте айдаган айдоочуга 40 миң сом айып салынды

413

Унаа башкарууга укугу жок туруп, автоээнбаштык жасаган айдоочуга 40 миң сом айып салынды. Бул тууралу ЖКККББнын маалымат кызматынын жетекчиси Байказы Айтикул уулу билдирди.

Каракол шаарында «BMW» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу авто унаасын чимирилте айдап, автоээнбаштык жасагандыгы боюнча видео тасма тараган.

Бул факты боюнча Каракол шаарынын жол тескөөчүлөрү ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүштү. Унаанын айдоочусун таап, автоээнбаштык жасагандыгы, айдоого укугу жок унаа башкаргандыгы жана унаанын мамлекеттик белгисин атайын чечип, бекитип жүргөндүгү үчүн жалпысынан 40 миң сом айып салышып, унаасын айып короо жайына токтотушту.

414