7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ура! Адилет Жумабеков «Голосто» Дима Биланды таң калтырып, окуучусу болду

1695

Бишкек шаарынын тургуну Адилет Жумабеков орусиялык “Голос” долбооруна катышып, калыстар тобунун алкоосуна татып, кийинки этапка өттү.

Ал Boyz II Men аттуу ырчынын “Еnd of the road” аттуу чыгармасын аткарып, алгачкылардан болуп дүйнөгө белгилүү ырчы Дима Билан конпканы баскан. Андан соң Леонид Агутин менен Александр Градский жактырган.

Адилеттин айтымында, ал профессионалдуу ырчы эмес, бирок көптөгөн аспаптарда ойной алат. Ал сахнадан конкурска катышуусуна чоң салым кошкон апасына ыраазычылык билдирди.

“Менин 4 байкем бар, апам бизди жалгыз баккан. Мен музыкалык окуу жайда окугам, бирок каржылык жактан аксагандыктан окууну таштап ырдап, музыкант болуп иштөөгө туура келген. 13 жашыман бери ырдап келем. “Голос” долбооруна катышуу менин көксөгөн кыялым болчу”, — дейт ал.

Ал эми калыстар тобундагы жалгыз айым Пелагея Адилет Жумабековду өзүнүн командасына чакырды. Ал Жумабековдун тембрындай эркек баланы издеп жатканын айткан. Ошондой эле Александр Градский дагы ага устатчылык кылууга кызыкдар экенин белгиледи. Натыйжада Адилет Жумабеков Дима Биланды тандап, анын жан дүйнөсү Биланга жакын экенин айтат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1696