Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айларында Кыргызстан 5 миллиард 457 миллион сом карызынан кутулду. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, төлөнгөн каражаттын 3 миллиард 49 миллион сому тышкы карызды жана 2 миллиард 408 миллион сому ички карызды жабууга жумшалган.
Ошондой эле министрлик 31-январга карата мамлекеттик карыздын суммасы 4 миллиард 954 миллион долларга жеткенин маалымдады. Анын ичинен 85,2 пайызы же 4 миллиард 221 миллион доллары тышкы карыз. Ал эми 14,8 пайызы же 732 миллион доллары ички карыз.
Мындан сырткары, өлкө бюджетине январь-февраль айларында мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан 4 миллиард 520 миллион сом түшкөнү белгиленди.