Жала-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы жарандын өздүгүн аныктоого коомчулуктан жардам сурап кайрылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 9-август күнү Жалал-Абад шаарындагы кароосуз калган имараттын ичинен белгисиз азиат улутундагы, болжол менен 45-50 жаштар чамасындагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Жансыз дененин өздүгүн аныктоого азыркы учурга чейин мүмкүнчүлүк болбой жатат.
Белгилери: Бою 150-155 см, өңү кара тору, чачы кара узундугу 10-15 см, толмоч дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Үстүндө сары түстүү гүлдөрү бар жайкы көйнөк, сол колунда сары түстөгү шакек болгон.
Жогорудагылардын негизинде сүрөттөгү жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо 102, (03722) 5 28 31, 7 03 44, 0224 95 15 15 номурлары аркылуу кабарлап коюууңуздарды суранабыз.