Ушул айдан тартып бензин кайрадан кымбатташы күтүлүүдө. Беш жылдын бери Россия белгилүү көлөмдө бажы алымдарысыз берип келген. Бирок Кыргызстанда суроо-талап тынымсыз өсүүдө.
Мындан аары Кыргызстандын нефтетрейдерлери Россиянын заводдорунан күйүүчү-майлоочу майларды каалашынча сатып ала баштайт. Анын экспорттук бажы алымы тоннасына 19,3 долларды түзөт. Бул тууралуу Кыргызстандын нефтетрейдерлер союзунан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Энергетика жана өнөр жай министрлиги Россиянын Энергетика министрлигине бажы алымдарын кайра карап чыгуу боюнча кайрылган. Бирок Россия ички рыноктогу ресурстардын чектелгендигин жана экспортко чектөө киргизүү мүмкүндүгүн айтып, мунай продуктуларынын көлөмүн кайра кароодон баш тарткан.
Бажы алымына байланыштуу бензин литрине 1,3-1,7 сомго кымбатташы мүмкүн.