7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

БШКга шайлоого катышуу үчүн 48 партиядан билдирме түштү (ТИЗМЕ)

791

БШКга 2021-жылдын 28-ноябрында өтүүчү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө 48 партиядан билдирме түштү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызмат билдирди.

Календарлык планга ылайык, Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо дайындалгандан кийин 5 календарлык күндүн ичинде шайлоого катышууну каалаган саясий партиялар БШКга жазуу жүзүндө билдирме жиберүүлөрү керек.

Жазуу жүзүндөгү билдирме саясий партиянын уставынын нотариус ырастаган көчүрмөсүн тиркөө менен, саясий партиянын жетекчисинин колу коюлуп, саясий партиянын мөөрү менен ырасталууга тийиш. Жазуу жүзүндө билдирме берүүнүн акыркы күнү – 2021-жылдын 3-сентябры, саат 18.00гө чейин белгиленген.

Ошону менен бирге, бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоого катышуусу жөнүндө билдирме шайлоо округдарынын схемалары жана чек аралары бекитилген күндөн тартып башталат (6-сентябрга чейин) жана шайлоо күнүнө 45 календарлык күн калганда б.а. 2021-жылдын 13-октябрында (кошо алганда) аяктайт.

  1. «Айкөл Кыргызстан” элдик кайра жаралуу” саясий партиясы
  2. «Социал -демократтар»
  3. “Улуттар биримдиги”
  4. “Ишеним”
  5. «Альянс»,
  6. “Кыргызстандын жашылдар партиясы”
  7. “Жаратман Эл”
  8. «Кыргызстанды бириктирүүчү патриоттук партия»
  9. «Ата Мекен»
  10. «Ыйман Нуру»
  11. «Эл үмүтү социалдык саясий партия»
  12. “Актив”,
  13. “Бийлик элге”
  14. ”Акыйкат Кыргызстан”
  15. «Ар-Намыс»,
  16. «Кыргызстандын саясий кучтөрунун альянсы»
  17. «Күч биримдикте» социалдык-саясий партиясы”
  18. «Азаттык” демократиялык партия”
  19. «Ынтымак”
  20. «Аалам”
  21. «Тилектештик”
  22. «Социалист”
  23. «Ак Асаба”
  24. «Ак Бата”
  25. «Адилет”
  26. «Ата-Журт Кыргызстан”
  27. «Мекенчил Эл”
  28. “Бирге-Вместе”
  29. “Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы”
  30. “Менин Мекеним”
  31. “Келечек-Будущее,”
  32. “Элдик Партия”
  33. “Биздин Эл”
  34. “Жаңы ЭРА”,
  35. «Күчтүү регион”,
  36. «Жаңы Мезгил”,
  37. “Бүтүн Кыргызстан”,
  38. “Кыргызстандын элдик-демократиялык партия”
  39. «Асыл- Мурас Жаштар”
  40. «Кыргызстан либерал –демократиялык партия”
  41. «Чоң казат”
  42. «Улутман»
  43. «Эмгек”
  44. «Аманат»
  45. «Ордо”
  46. «Асаба” элдик кайра жаралуу”
  47. «Аруузат – Эл Куту».
  1. «Либералдык-прогрессивдүү”саясий партиялардан КР ЖК депутаттарын шайлоого катышуу тууралуу жазуу жүзүндө билдирме түшкөн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

792