Жогорку сот 2021 -жылдын 18 -августундагы чечими менен Акматбек Келдибековго карата 2015-жылы жана 2016-жылдары чыгарылган өкүмдөрдү жокко чыгарды. Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2015 -жылдын 12 -ноябрындагы өкүмү жана Бишкек шаардык сотунун 2016-жылдын 11 -мартындагы өкүмү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2016 -жылдын 13 -октябрындагы өкүмү жокко чыгарылган.
«Акматбек Келдибековдун ишти жаңы ачылган жагдайлар боюнча кароо жөнүндөгү өтүнүчү канааттандырылып, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жаңы кароого жөнөтүлдү», — деп берилет маалыматта.
Эске салсак, экс-спикер Акматбек Келдибеков 2013-жылдын ноябрында кармалган. Ал 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун, 2008-2009-жылдары салык кызматынын төрагасы болуп турганда коррупцияга жана 2010-2011-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталган.