7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уялчаак депутат Жолдошбаев үгүтчү кудасынын айынан шайлоодон четтетилди

864

Бүгүн, 18-ноябрда БШКнын жыйынында УКМКнын өкүлү добуш сатып алуу боюнча кармалган Камчыбек Жолдошбаевдин тууганы тууралуу маалымат берди.

Маалыматка ылайык, кармалган жаран Камчыбек Жолдошбаевдин кудасы Мухтар Сыдыков.

Тергөөчүнүн айтымында, Жолдошбаевдин кудасы Мухтар Сыдыков домком жана үгүтчүлөр аркылуу добуш сатып алуу менен алектенип жүргөн. Ошондой эле, Сыдыков ар бир шайлоочунун добушу үчүн 2-3 миң сом сунуштаган. Сыдыков Жолдошбаевдин штабынын бейрасмий жетекчиси экенин да белгилүү болгон.

Белгилүү болгондой, Жолдошбаев өзү жыйынга катышкан жок.

Жыйынтыгында БШКнын мүчөлөрү бир добуштан Жолдошбаевди шайлоодон четтетүү чечимин чыгарышты.

Жолдошбаев Бишкек шаарына караштуу №26 Ленин бир мандаттуу округунан шайлоого аттанган болчу. Ал Жогорку Кеңештин учурдагы депутаты.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

865