7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уюшкан кылмыштуу топту каржылаган шектүү кармалды

516

Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана уюшкан кылмыштуу топту каржылоо фактысы боюнча Кыргызстандын жараны кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

З.И.Т. аттуу жаран Кытайдан Кыргызстанга келген товарларды ташуу жана бажыдан өткөрүү боюнча кызматтарды көрсөтүп келген. Бул иштерде негизги колдоочусу мамлекеттик Бажы кызматынын мурдаакы башчысы экени маалым болгон. Анын жардамы менен ташылып келген жүктөргө мыйзамсыз декларациялоонун ар кандай схемаларын колдонуу жолу менен товарлар өлкө аймагына импорттолгон. Ошондой эле ал Бишкектеги «Паллада» казиносунун негиздөөчүсү болгон.

Кумар оюндарынан түшкөн каражаттын эсебинен Р.Акматбаевдин жана «мыйзамдагы ууру» атыккан К.Асанбектин кылмыштуу топторунун мүчөлөрүнө системалуу түрдө каржылык жардамдарды көрсөтүп, үй-бүлө мүчөлөрүнө кымбат баалуу белектерди тапшырып турган. «Паллада» казиносу уюшкан кылмыштуу топтун лидерлери Акматбаев менен Асанбекке тиешелүү болгон.

Аталган жарандын жашаган жеринен тиешелүү документтери жок тапанчалар, ок атуучу куралдар, бир даана Винчестер жана 300 калибердүү октор, 5 даана магазин жана 250, 39 даана 12 калибердүү ок-дарылар табылды. Ошондой эле “ гашиш” бангизаты алынган.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

 

 

517