7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү тапанча жана баңгизат менен кармалды

473

Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү тапанча жана баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматта, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлерине «Баха» аттуу жаран киши ок атуучу курал сатуу аракетин кылып жүргөнү белгилүү болгон.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренеси («Ок атуучу куралды сактоо») менен кылмыш иши козголгон.

Бишкек шаарынын аймагында атайын операция жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө Талас облусунун 1981-жылы туулган Э.Б. аттуу ждаран кармалган. Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат.

Өздүк тинтүү учурнда Э.Б.нын жанынан номери өчүрүлгөн Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана 7 грамм болгон «гашиш» баңгизаты табылып, алынган.

КР Жаза-процессуаалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Э.Б. аттуу жаран кылмыш жасады деген шек менен кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.

474