7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи болуп өттү

377

Бүгүн, 8-сентябрь күнү Астана шаарында V Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Ага өлкө башчылары жана спорт күйөрмандары катышты.

Аземдин жүрүшүндө ар бир өлкөнүн курама командаларынын парады болду. Кыргызстандын желегин ашыртмалы аба күрөшүнөн катыша турган Бактияр Мирлан уулу көтөрүп чыкты.

Өлкөнүн атынан 181 спортчу 18 спорттун (казак күрөшү, аба ашыртмалы күрөшү, татар күрөшү, кураш, салбуурун, эр эңиш, тыйын эңмей, тогуз коргоол, мангала, овари, ордо,чүкө оюну, таяк тартыш, көк бөрү, көк пар, ат чабыш, кыска аралыкка ат чабыш, алыш бел боо күрөшү аркан тартыш) түрүнөн катышат. 

Мелдешке 89 мамлекеттен (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Венгрия, Франция, Германия, Орусия, Ирландия, Жапония, Кипр, Эстония, Болгария, Беларусь, Армения, Бангладеш, Кытай, Австрия, Колумбия ж.б) 2000 ден ашык спортчу катышат.

Эске салсак 8-сентябрь күнү башталып, көчмөндөр оюндары 13-сентябрь күнү жыйынтыкталат.

378