7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Вакцина алгандар үчүн сертификат электрондук түрдө бериле баштады

728

Өлкөдө вакцина алганы тууралуу сертификат электрондук түрдө бериле баштады. Бул туралуу, Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, «Түндүк» электрондук порталы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте COVID-19га каршы вакцина алганы тууралуу электрондук сертификат берүү сервисин иштеп чыккан.

Сертификат алуунун инструкциясы:

  • portal.tunduk.kg порталына кирип электрондук кол тамга же eID аркылуу каттоодон өтөсүз;
  • Порталдан «Саламаттык сактоо» бөлүмүнө кирип «COVID-19га каршы вакцинацияланганы тууралуу сертификат берүү» кызматын тандайсыз;
  • Электрондук сертификат алуу үчүн «Табыштаманы жөнөтүү» кнопкасын басыңыз;
  • Сертификат автоматтык түрдө түзүлөт, аны кагазга басып чыгарып же pdf форматында сактап алууга болот;
  • Документтин аныктыгын жана эмдөөдөн өткөнү тууралуу маалыматты текшерүү үчүн QR-код коюлган.

Ошондой эле жакында «Вакцинациялангандардын реестри» иштелип чыгары кошумчаланды. Анын негизинде жарандар медициналык мекемелерге кагаз түрүндөгү сертификатты ала алышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

729