Өлкөдө вакцина алганы тууралуу сертификат электрондук түрдө бериле баштады. Бул туралуу, Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, «Түндүк» электрондук порталы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте COVID-19га каршы вакцина алганы тууралуу электрондук сертификат берүү сервисин иштеп чыккан.
Сертификат алуунун инструкциясы:
- portal.tunduk.kg порталына кирип электрондук кол тамга же eID аркылуу каттоодон өтөсүз;
- Порталдан «Саламаттык сактоо» бөлүмүнө кирип «COVID-19га каршы вакцинацияланганы тууралуу сертификат берүү» кызматын тандайсыз;
- Электрондук сертификат алуу үчүн «Табыштаманы жөнөтүү» кнопкасын басыңыз;
- Сертификат автоматтык түрдө түзүлөт, аны кагазга басып чыгарып же pdf форматында сактап алууга болот;
- Документтин аныктыгын жана эмдөөдөн өткөнү тууралуу маалыматты текшерүү үчүн QR-код коюлган.
Ошондой эле жакында «Вакцинациялангандардын реестри» иштелип чыгары кошумчаланды. Анын негизинде жарандар медициналык мекемелерге кагаз түрүндөгү сертификатты ала алышат.