7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Венесуэлада селден 25 адам каза болуп, 52 адам дайынсыз

544

Венесуэланын Арагуа штатындагы сел жана жер көчкүдөн каза болгондордун саны 25ке жетип, дагы 52 тургун дайынсыз болууда. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, жекшембиге караган түнү бир айлык жаан сегиз сааттын ичинде жаап, сел каптаган. Кырсык болгон аймакта турак-жайлар жана соода ишканалары талкаланып, суу астында калып, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган. Жабыркаган аймактардын жашоочулары убактылуу баш калкалоочу жайларга көчүрүлгөн.

Куткаруу иштерине армиянын 1200дөй кызматкери жана ар кайсы ведомстволордун куткаруучулары тартылган.

Президент Николас Мадуро мурдараак Арагуа штатындагы Лас-Тежериас коомчулугун табигый кырсык зонасы деп жарыялап, өлкөдө кырсыктын курмандыктарына үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

“25 адамдын сөөгү табылды, алардын жакындарына көңүл айтабыз. Мындан тышкары 52 адам дайынсыз болууда», — деп өлкөнүн ички иштер, юстиция жана тынчтык министри Ремижо Себальос VTV каналынын эфиринде билдирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

545