7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Венгрияда Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгы белгиленди

385

Кыргызстандан миңдеген километр алыстагы улуу Аттиланын мекени Мажарстанда ( Венгрияда) залкар манасчы, дүйнөлүк эпостун шаасы Саякбай Каралаевдин 130 жылдыгына жана анын урматына эл аралык иш чара өттү.

«Саякбай Каралаевдин чет өлкөдөгү биринчи жолу орнотулган бул эстеликти эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун демилгеси, мажар туугандарыбыздын колдоосу менен 2023-жылы ачканбыз. Бу иш чара алкагында залкар манасчылар Шаабай, Сапарбекти, Уркашты, улуу манасчылардын оозунан миңдеген саптарды жазып алган манасчы жана фольклорчу Ибрайым Абдырахмановду да эскердик»,- дешти.

Европанын жүрөгү мажар жериндеги Саякбай атабыздын эстелигине гүлдөр коюлуп, Манас театрынын манасчылары Рысбай Исаков, Нурбек Талантбековдор бууркан-шаркан түшүп Манас айтты. Манас духунун салтанаты Европада жаңырды.

Илимий-практикалык конференция алкагында академик Абдылдажан Акматалиев, Саякбайдын небереси Каныбек Каралаев, Сапарбек манасчынын кызы Гулнара Касмамбетова, Уркаш манасчынын уулу Канат Мамбеталиев чыгып сүйлөдү. Жыйындын расмий бөлүгүндө Мажарстан парламентинин төрагасынын орунбасары Шандор Лежак, КРнын Мажарстандагы элчиси Талантбек Кушчубеков, Азербайжандын Мажарстандагы элчиси Tahir Taghi-Zade, КРнын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орунбасары Гүлбара Абдырахманова куттуктоолорун билдирди.

Иш-чара Мажарстандын парламенти, Лакитилек фонду, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси жана колдоосу менен өттү. Бул салтанатка илимий коомчулуктан тышкары жогоруда аты аталган улуу манасчылардын уул-кыздары катышты.

386